Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын качан өтөрү белгилүү болду

Жазылуу
Жума күнү оюндардын регламенти бекитилди.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 3-8-сентябрь күндөрү өтө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешине мүчө болгон төрт өлкө (Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия) Стамбулда оюндардын регламентин бекитти.

Россиялык ТВ Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу сюжет даярдоодо
Маалыматка ылайык, 1-2-сентябрь күнү Кыргызстанга чет элдик делегациялар келе баштайт. Мында 2-сентябрда катышуучуларды каттоо жүрөт.

Оюндар тууралуу кошумча маалыматты аталган агенттик эртең өтүүчү маалымат жыйында айта турганын кошумчалады.

Олимпиаданын аналогу болгон Көчмөндөр оюндары биринчи жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Белоруссия, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын командалары катышкан.

Быйыл күзүндө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Анын программасына улуттук спорттун 26 түрү киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0