Футбол боюнча курама команданын машыктыруучусу башка насаатчылар менен тажрыйба бөлүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүк семинар теориялык жана практикалык бөлүктөн турду.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бир катар облус менен Бишкек шаарынын машыктыруучулары үчүн эки күндүк семинар өткөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол оюнчулары Бангладеш менен беттешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футбол командасы FIFA рейтингиндеги ордун сактап калды
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен жолугушууга Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын насаатчылары келди.

Семинар эки бөлүктөн турду — теориялык бөлүгүндө федерациянын техникалык директору Игорь Кудренко Крестинин менен катышуучуларды окутуу менен балдар жана өспүрүмдөрдү машыктыруудагы жаңы методика менен тааныштырышты.

Иш-чаранын практикалык бөлүгү федерациянын Футбол борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0