Чемпиондор лигасы: "Ромага" эки гол киргизүү үчүн "Реал" 38 ирет сокку урду

© REUTERS / SUSANA VERAМадриддин "Реал" командасынын оюнчулары.
Мадриддин Реал командасынын оюнчулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондор лигасынын чейрек финалында ойной турган эки команда аныкталды. Шаршемби күнү кийинки раундга өткөн дагы эки команда белгилүү болот.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Мадриддин "Реал" командасы өзүнүн талаасында италиялык "Романы" утуп, футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыкты.

Римде өткөн алгачкы беттешүү мадриддиктердин пайдасына 0:2 эсеби менен аяктады. Ага жооп берген оюн шейшемби күнү Испаниянын борборундагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда болду.

Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инчхондо коло медалы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөткөн 8 спортчу айым
Топту "Романын" дарбазасына Криштиану Роналду менен Хамес Родригес киргизди. Статистика боюнча талаа ээлери атаандашына 38 ирет сокку жасаса, "Рома" оюнчулары болгону 10дон ашуун гана сокку урган.

Ага катар өткөн беттешүүдө германиялык "Вольфсбург" командасы Бельгиянын "Гент" командасын 1:0 эсеби менен жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Шаршемби күнү кечинде чейрек финалда кездеше турган дагы эки команда белгилүү болот. Анда питердик "Зенит" менен Лиссабондун "Бенфика" жана "ПСЖ" (Париж) менен "Челси" (Лондон) командалары беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0