Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБокс спортчулары таймаш учурунда. Архив
Бокс спортчулары таймаш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мелдеште Россия, Азербайджан, Казакстан, Монголия жана Өзбекстандан келген спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу жана спорттун чебери Виктор Асташенконун жаркын элесине арналган бокс боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу спортчулар жана ветерандар коомдук фондунун төрагасы Сергей Лучников билдирди. 

Мелдеш 18-22-апрель күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Аталган турнирде Россия, Азербайджан, Казакстан, Монголия жана Өзбекстандан келген спортчулар күч сынашат. 

Мелдешке 15-16 жашар өспүрүмдөр катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0