Бишкекте "Алыш" күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАлыш күрөшү учурунда. Архив
Алыш күрөшү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин максаты "Алыш" күрөшүн дүйнө элдерине кеңири жайылтуу болуп саналат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Алыш" белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бишкекте ат спорту боюнча шаар чемпионаты башталат
Мелдештин максаты "Алыш" күрөшүн дүйнө элдерине кеңири жайылтуу болуп саналат. 

Аталаган иш-чара 16-18-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Турнир "Алыш" белбоо күрөшүнүн дүйнөлүк ФИЛАда бекитилген эрежеси менен күрөштүн эркин ыкмасы боюнча өтөт. 

Таймашты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана "Алыш" күрөш федерациясы өткөрөт.

Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0