Бириккен Улуттар Уюму Шарапованы ыктыярдуу элчиликтен бошотту

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүМария Шарапова. Архив
Мария Шарапова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин теннисчи Мария Шарапованын допинг тесттен кийин канында мельдоний препараты табылган. Мельдоний 1-январдан тарта тыюу салынган каражаттар тизмесине кирген.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму теннисчи Мария Шарапованын допинг тесттен кийин канында тыюу салынган мельдоний каражаты табылгандан кийин аны менен ыктыярдуу элчи катары кызматташууну токтотту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Өткөн жумада Мария Шарапова Австралиянын ачык чемпионаты алдында тапшырган допинг тестинин учурунда мельдоний препараты табылганын маалымдаган. Аталган препарат 1-январдан тарта Допингге каршы бүткүл дүйнөлүк агенттиктин (WADA) тыюу салынган тизмесине киргизилген. Анын кесепетинен Шарапова 12-марттан тарта мелдештерге катышуудан четтетилген болчу.

"Биз Шараповага ишибизди колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө анын Чернобыль атом станциясынан жабыр тарткандарга берген кол кабышын өзгөчө баалайбыз. Шарапованын жакында жасаган билдирүүсүнөн кийин аны менен ыктыярдуу элчи катары кызматташуу боюнча пландалган бардык иш-чараларды тергөө иштери аяктаганга чейин токтоттук", — деп БУУнун расмий өкүлү билдирди.

Буга чейин Nike фирмасы дагы допинг тесттен кулап калган Шарапова менен түзүлгөн келишимди токтото турганын жар салды. Шарапова бул фирма менен көп жылдан бери кызматташып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0