Бишкекте 14 мамлекеттин спортчулары алыш боюнча таймашат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАлыш күрөшүнүн калысы. Архив
Алыш күрөшүнүн калысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнирге Азия менен Европа мамлекеттеринин спортчулары катышмакчы. Мелдешти өткөрүүгө бир миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Бишкекте бүгүн алыш боюнча эл аралык турнир башталып, ага 14 мамлекеттин спортчулары келе турганын тастыктаган. 

Бүркүттөр, тайгандар жана таза кандуу жылкылар. Нарында Салбурун боюнча турнир өттү
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жана Алыш федерациясынын экс-президенти Баяман Эркинбаевдин элесине арналган турнир Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда саат 10.00дө башталат. Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи саат 12.00гө белгиленген.

Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча 14 мамлекет — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Белоруссия, Грузия, Молдова, Иран, Россия, Пакистан, Түркия, Нидерланд жана Кыргызстандын спортчулары күч сынашат.

Кыргызстандын улуттук оюндар боюнча дирекциясы аталган мелдешке 1 миллион 615 миң сом бөлүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0