Көк бөрү турниринин финалында "Сары-Өзөн" менен "Достук" командалары ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү турнири учурунда. Архив
Көк бөрү турнири учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Нооруз-2016" мелдешинин финалдык беттеши 21-мартта Ак кула ат майданында өтөт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. "Сары-Өзөн" менен "Достук" командалары Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирдин финалына чыкты. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ишемби күнү жарым финалдык оюндар өтүп, "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлү" командасын 5:2 эсебинде утуп алды. Ал эми "Достук" командасы "Таласты" 2:0 эсебинде жеңди. 

"Нооруз-2016" мелдешинин финалдык беттеши 21-мартта, Нооруз майрамында Ак кула ат майданында өтөт.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0