Салбурун оюну учурунда. Архив

Салбурун: көлдүктөр алдыга озуп чыкты

186
(жаңыланган 13:35 03.05.2016)
Мелдеш жаа атуу, бүркүт салуу жана тайган жарыш боюнча өттү.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата өткөн салбурун оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталганын Спорттун улуттук түрү боюнча дирекция билдирди.

Мелдеш дүйшөмбү күнү Ак кула ипподромунда болду. Таймаштын республиканын жер-жерлеринен келген катышуучулары "Бүркүт салуу", "Куш салуу", "Далба тартуу", "Жаа атуу" боюнча күч сынашты.

Турнир төмөнкүдөй жыйынтык менен соңуна чыкты:

Бүркүт салуу:

  • 1-орун – Нурсултан Колбаев (Ысык-Көл);
  • 2-орун – Анвар Сатындиев (Ысык-Көл);
  • 3-орун – Айбек уулу Салават (Ысык-Көл).

Куш салуу: 

  • 1-орун – Талгар Шайбыров (Ысык-Көл);
  • 2-орун – Салават Айбеков (Ысык-Көл);
  • 3-орун – Болотбек Акунов (Ысык-Көл).

Ителгиге, далба ойнотуу:

  • 1-орун – Түгөлбай Абдыкадыров (Ысык-Көл)
  • 2-орун – Мирлан Калилов (Токмок)
  • 3-орун – Токтобек Айбашов (Ысык-Көл)

Жаа атуу:

  • 1-орун – Кубан Тонотоев (Нарын);
  • 2-орун – Самат Сүйөркулов (Чүй);
  • 3-орун – Азамат Акунов (Ысык-Көл).

Атчан жаа атуу:

  • 1-орун – Нурсултан Көлбаев (Ысык-Көл);
  • 2-орун – Шанко Шейшенбаев (Ысык-Көл);
  • 3-орун – Айбек уулу Салават (Ысык-Көл).

Кыз-келиндер арасындагы жаа атуу: 

  • 1-орун – Саадат Бейшеева (Бишкек);
  • 2-орун – Асел Садырова (Жалал-Абад);
  • 3-орун — Гульмира Аянова (Нарын).

Тайган жарыш:

  • 1-орун – Абидин Бердигулов Тоо куш тайганы менен(Талас);
  • 2-орун – Мурат Өмүралиев Кумайык тайганы менен (Нарын);
  • 3-орун – Баатыр Токтогулов (Ош).
186
Белгилер:
куш, жаа, бүркүт, салбурун, тайган
Тема:
Нооруз майрамын белгилөө — 2016 (32)
Тема боюнча
Бүркүттөр, тайгандар жана таза кандуу жылкылар. Нарында Салбурун боюнча турнир өттү
"Ала-Тоо" аянтындагы сүмөлөк жана ыр күлкү. Нооруз майрамы белгиленди
Көк бөрү: "Сары-Өзөн" майрамдык мелдештин жеңүүчүсү болду
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды

86
Турнирге Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
1 / 2
© Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурууда.

Мелдеш Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөрү айтылды.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат. Ал эми катышуучуларга эстелик белек берилет.

86
Белгилер:
Көк бөрү, фестиваль, Россия
Тема боюнча
Кадыркулов: "Русский мир" фестивалына 12 улакчы барат

Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу

170
Чемпион болгон спортчу кыз финалда жаракат алган атаандашына ичи ачышканын билдирип, ага жакшылык кылууну чечкен.

Венгриянын Будапешт шааарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыздар күрөшүнөн япониялык Сара Асахинанын атаандашына көрсөткөн бийик адамгерчилиги көрүүчүлөрдү кубантты. Ал таймашта бутунан жаракат алып аксап калган атаандашы Вакаба Томитаны далысына көтөрүп, татамиден (килем) чыкканга жардам бергенин Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты жазды.

Боорукер спортчу оппонентине ичи ачышканын билдирген.

"Эң оор беттеш финалда болду. Мен чарчап, жеңилип да калышым мүмкүн болчу. Ал жаракат алып калды. Ичим ачышты, ошондуктан ага колдон келген жардамымды берип, татамиден чыкканга көмөктөштүм", — деген ал.

Сүйкүмдүү окуянын видеосун Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Анда дзюдо балбандары бийик адамгерчилиги менен дайыма коомчулукту таң калтырып келгени белгиленет.

Мелдештин жыйынтыгы аялдар күрөшүнөн +78 килограмм салмак категориясында төмөнкүчө болду:

  • Сара Асахина (Япония)
  • Вакаба Томита (Япония)
  • Мария Суэлен Альтеман (Бразилия) жана Беатрис Суза (Бразилия).
170
Белгилер:
Япония, Будапешт, дүйнө чемпионаты, дзюдо
Тема боюнча
Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

0
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

0
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат