Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсү. Архив

Тажикстан Кыргызстан оюнун Sputnik түз алып көрсөтөт

241
Sputnik Кыргызстан агенттиги көрөрмандардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн Коомдук телерадикорпорациясынын эфирин алып көрсөтөт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бүгүн кечинде боло турган Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсүн түз алып көрсөтөт.

Оюн Душанбенин борбордук стадионунда өтөт.

КТРКнын жееткчилиги менен ретрансляция тууралуу макулдашуу түзүлгөн. Көрөрмандар беттешүүнү www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайттарынан кечки саат 19.00дө көрө алышат. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

241
Белгилер:
КТРК, футбол, түз эфир, макулдашуу
Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)
Тема боюнча
Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсүн өзбекстандык калыс тескейт
Валентина Шевченко наносит удар Лорен Мерфи во время поединка за титул чемпиона мира по смешанным единоборствам среди женщин в наилегчайшем весе на турнире UFC 266 в Лас-Вегасе. 25 сентября 2021 года

Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди

47
(жаңыланган 10:47 18.10.2021)
Мушкер кыздардын беттеши UFC 266 мелдешинде болгон. Америкалык спортчу төртүнчү раундда нокаут менен жеңилген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. ММА мушкери Лорен Мерфи кыргызстандык Валентина Шевченкого жеңилгени боюнча комментарий берди. UFC 266 мелдешиндеги беттеш тууралуу пикири BJ Penn басылмасына чыккан.

Таймаш 25-сентябрда Лас-Вегаста өткөн. Ал мелдештеги башкы беттештердин бири болгон. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаутка кетирип уткан.

"Валентина укмуштуудай мушташты. Деңгээли шумдук. Чынын айтсам, төртүнчү раунд таптакыр эсимде жок", — деген Мерфи.

Анын айтымында, калыс беттешти токтотуп туура чечим кабыл алган. Анткени ал Шевченкого эч кандай каршылык көрсөтө албай калган болчу. Эске салсак, төртүнчү бөлүктө кыргызстандык атлет сокку жаадырган, мындан улам рефери беттешти токтотуп, жеңишти Шевченкого ыйгарган.

"Жеңилүү эч кимге жакпайт. Негизи мен биринчи ирет нокаут менен утулдум. Жыйынтык башкача болот деп күткөм, бирок мыкты тажрыйба болду. Менимче, бул Майкл Жордан менен баскетбол ойногонго барабар. Же Хабиб Нурмагомедов менен мушташкан атлеттер ушундай сезимде калса керек. Шевченконун чынында эле деңгээли жогору", — деген ал.

Мерфини жеңип, кыргызстандык спортчу кыз UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калды.

47
Белгилер:
Лорен Мерфи, Валентина Шевченко, UFC, беттешүү, салыштыруу
Тема боюнча
Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

230
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

230
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жүк ташуучу автоунаалар көбөйтүлөт. Акылбек Жапаров "Торугартка" барды

0
Жапаров учурда Нарында жумушчу сапары менен жүрөт. "Торугарттан" тышкары, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына  барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыккан.

"Ал мындан ары жүктөөлөр Арка аймагында  (Арка — Кытай менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы нейтралдуу аймак) эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлө турганын белгилеген.  Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, анын инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышкан.

0
Белгилер:
Нарын облусу, 'Торугарт' көзөмөл өткөрүү пунку, Акылбек Жапаров, жумушчу, сапар, тапшырма
Тема боюнча
Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды