Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча лицензиялык турнирдин жарым финалына үч мушкер чыкты

Жазылуу
Азия жана Океания боюнча өткөн эл аралык турнирдин эң алдыңкы үч мушкери (өз салмак категориясы боюнча) Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиадагы жолдомо алат.

БИШКЕК, 29-мар — Sputnik. Эрмек Сакенов, Эркин Адылбек уулу жана Азат Үсөналиев Кытайда өтүп жаткан лицензиялык турнирдин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу турнирдин расмий сайтында маалымдалды. 

Улакчынын тукуму — Екатеринбургда кыргыз намысын коргоого аттанган Үмүтай
Эркин Адылбек уулу монголиялык Эрденебаяр Сандагсуренду ишенимдүү түрдө 3:0 эсебинде утту. Ал 81 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты.

1/4 финалдык беттеште Эрмек Сакенов (64 килограмм салмак категориясы) Түркмөнстандан келген Азиз Бебитовду 2:1 эсебинде жеңип алды.

52 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Азат Үсөналиев монголиялык Энх-Амар Хархууну жеңип, жарым финалга чыкты.

Азия жана Океания боюнча өткөн эл аралык турнирдин эң алдыңкы үч мушкери (өз салмак категориясы боюнча) Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиадагы жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0