Кыргызстандын курама командасы. Архив

Кыргызстан Тажикстандын курамасын Душанбеде өткөн беттеште утуп алды

350
(жаңыланган 09:33 30.03.2016)
Бул оюн КР курама командасынын Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынынын алкагындагы акыркы оюну болчу.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы тажикстандык атаандаштарын 0:1 эсебинде утуп алды.

Бул оюн Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарындагы акыркы оюну болчу. Оюн Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү.

Оюндагы алгачкы жана акыркы голду Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө киргизди

Оюндун жүрүшүндө тажикстандык оюнчулар топко көп ээлик кылышканы менен андан майнап чыккан жок.

Бул оюнда кыргызстандык оюнчулар кызыл форма кийишсе, тажикстандыктар ак форма менен ойношту. Оюнга өзбекстандык калыстар көз салышты.

Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууга шансы бар.

350
Белгилер:
Душанбе, футбол
Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)
Валентина Шевченко наносит удар Лорен Мерфи во время поединка за титул чемпиона мира по смешанным единоборствам среди женщин в наилегчайшем весе на турнире UFC 266 в Лас-Вегасе. 25 сентября 2021 года

Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди

40
(жаңыланган 10:47 18.10.2021)
Мушкер кыздардын беттеши UFC 266 мелдешинде болгон. Америкалык спортчу төртүнчү раундда нокаут менен жеңилген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. ММА мушкери Лорен Мерфи кыргызстандык Валентина Шевченкого жеңилгени боюнча комментарий берди. UFC 266 мелдешиндеги беттеш тууралуу пикири BJ Penn басылмасына чыккан.

Таймаш 25-сентябрда Лас-Вегаста өткөн. Ал мелдештеги башкы беттештердин бири болгон. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаутка кетирип уткан.

"Валентина укмуштуудай мушташты. Деңгээли шумдук. Чынын айтсам, төртүнчү раунд таптакыр эсимде жок", — деген Мерфи.

Анын айтымында, калыс беттешти токтотуп туура чечим кабыл алган. Анткени ал Шевченкого эч кандай каршылык көрсөтө албай калган болчу. Эске салсак, төртүнчү бөлүктө кыргызстандык атлет сокку жаадырган, мындан улам рефери беттешти токтотуп, жеңишти Шевченкого ыйгарган.

"Жеңилүү эч кимге жакпайт. Негизи мен биринчи ирет нокаут менен утулдум. Жыйынтык башкача болот деп күткөм, бирок мыкты тажрыйба болду. Менимче, бул Майкл Жордан менен баскетбол ойногонго барабар. Же Хабиб Нурмагомедов менен мушташкан атлеттер ушундай сезимде калса керек. Шевченконун чынында эле деңгээли жогору", — деген ал.

Мерфини жеңип, кыргызстандык спортчу кыз UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калды.

40
Белгилер:
Лорен Мерфи, Валентина Шевченко, UFC, беттешүү, салыштыруу
Тема боюнча
Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

211
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

211
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады
Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди. Сүрөт

0
(жаңыланган 13:23 18.10.2021)
Акынды акыркы сапарга узатууда сөз сүйлөгөндөр Абылкасымованын маданият менен искусствонун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгилешти.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты.

  • Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • Коштошуу зыйнатында Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкону белгиленди
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
  • 1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн
    © Фото / пресс-служба МКИСМП КР
1 / 7
© Фото / пресс-служба МКИСМП КР
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коштошуу зыйнатында Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкону белгиленди.

Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.

Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

0
Белгилер:
Майрамкан Абылкасымова, өлүм, акын, жерге берүү
Тема боюнча
Актриса Искра Райымкулова көз жумду