Эки кыргызстандык бильярдчы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында беттешти

© flickr.com / DerbethБильярд оюну. Архив
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги Казакстанда өтүп жатат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкканын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 31-март күнү турнирдин алкагында чейрек финалда эки кыргызстандык спортчу — Азиз Мадаминов менен Дастан Лепшаков беттешти.

Мадаминов атаандашын 6:2 эсеби менен утуп алды. Бүгүп ал финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Александр Сидоров менен күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0