КР командасы FIFA тизмесинде алдыңкы 100 команданын катарына кириши мүмкүн

© Sputnik / ТаджикистанКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-март күнү кыргызстандыктар 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюнда Тажикстандын командасын 0:1 эсеби менен утуп алды. Беттешүү Душанбе шаарында өттү.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Football-rankings.info сайты Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын апрелдеги тизмесинде беш пунктка көтөрүлүп, 100-орунду ээлеши мүмкүн экенин билдирди.

Улуттук команда 4-февралда рекорд коюп, эки сапка жогорулап, 105-орунду ээлеген. Бул позиция март айындагы рейтингде да сакталып калган.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA кыргыз футболунун ийгиликтерин баалады
Сайттын аналитиктеринин айтымында, мында Кыргызстан беш сапка жогорулап, 100-орунду ээлей турганын божомолдошууда. Упайларынын саны 16га көбөйүп, жалпы жонунан 340 упайды түздү.

Быйылкы жылдын эсеби менен кыргызстандык футболчулар бир гана оюн өткөрүштү. 29-март күнү кыргызстандыктар 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюнда Тажикстандын командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.

Бул орунга чейин аталган сайт кыргызстандык команда тогуз сапка төмөндөп 114-орунду ээлей турганын боолгологон.

Жаңылыктар түрмөгү
0