Мушкер Эркин Адылбек уулу Риодогу Олимпиадага жолдомо алды

© flickr.com / Jon CurnowОлимпиада белгиси. Архив
Олимпиада белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул Кыргызстандын Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алган тогузунчу жолдомосу болуп саналат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу 2016-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Кытайда өтүп жаткан лицензиялык таймашта кыргызстандык спортчу 81 килограммга чейин салмак категориясында алдыңкы үч мыкты спортчунун катарына илинди. Үчүнчү орун үчүн мелдеште Эркин Адылбек уулу түркмөнстандык Азиз Ачилов менен беттешип, 3:0 эсеби менен утуп алды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР командасы FIFA тизмесинде алдыңкы 100 команданын катарына кириши мүмкүн
Турнирге катышып жаткан дагы бир кыргызстандык мушкер Азамат Үсөналиев казакстандык Олжас Саттибаевден 0:3 эсеби менен утулуп, жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн кур калды. Алар 52 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти.

Турнирдин регламенти боюнча өз салмак категорияларында үч алдыңкы орунду ээлеген спортчулар Олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болот.

Эркин Адылбек уулунун жеңиши Кыргызстанга башкы спорттук мелдеш баруу үчүн тогузунчу жолдомону алып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0