Тогуз коргоол: командалык эсепте Оштун мырзалары алгачкы жолу 1-орунду ээледи

Жазылуу
4-марттан 1-апрелге чейин Талас шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, анда 8 комплект медаль ойнотулду. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тогуз коргоол боюнча Ош облусу командалык эсепте эркектер арасында алгачкы жолу биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Талас шаарынын командасы алса, үчүнчү орунга Бишкек шаарынын командасы татыды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

4-марттан 1-апрелге чейин Талас шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, анда 8 комплект медаль ойнотулду. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү. Аялдардын ичинен Аида Керимбекова, Жаңыл Сагынбекова, Гүлжамал Сарыкеева жана Лязат Райымбекова мыкты аталышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0