"Дордой" футбол боюнча өлкө биринчилигинин сап башында келе жатат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутболчу топ менен. Архив
Футболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордун "Дордой" командасы үчүнчү турдун алкагында "Кара-Балта" командасын 1:6 эсебинде утуп, жети упай топтой алды.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Борбордун "Дордой" командасы "Кара-Балтаны" уткан соң Топ-Лиганын сап башына чыкканын Футбол лигасы билдирди. 

"Реал" атаандашы "Барселона" командасын өз үйүндө утуп кетти
Биринчиликте жалпысынан жети команда күч сынашып, ар бир турда бир команда эс алат. 

Борбордун "Дордой" командасы үчүнчү турдун алкагында "Кара-Балтаны" 1:6 эсебинде утуп, жети упай топтой алды. Кийинки беттеште "Абдыш-Ата" (Кант) 0:2 эсебинде нарындык "Ала-Тоону" жеңип, алгачкы үч упайын чогултту. 

Бүгүн куршабдык "Алдиер" менен бишкектик "Алга" командалары беттешет. 

"Дордой" командасы жети упай менен сап башында келе жатат, ал эми "Алай" алты упай менен экинчиде, кийинки орундагы "Абдыш-Ата", "Ала-Тоо" жана "Кара-Балта" командалары үчтөн упай топтогон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0