Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Реал" жеңилип, "ПСЖ" менен "Мансити" тең чыкты

© REUTERS / Benoit TessierАнглиянын командасы "Манчестер Сити" оюнчусу Кун Агуэро "ПСЖ" футболисттеринин арасында.
Англиянын командасы Манчестер Сити оюнчусу Кун Агуэро ПСЖ футболисттеринин арасында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү кечинде германиялык "Вольфсбург" клубу өз талаасында испаниялык "Реал Мадридди" кабылып, беттеш 2:0 эсебинде немис командасынын пайдасына аяктады.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтүп, анда мадриддик "Реал" Германиянын "Вольфсбург" командасынан жеңилүү ызасын татты. Экинчи оюнда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Англиянын "Манчестер Сити" клубу тең чыгышты. 

Шаршемби күнү кечинде германиялык "Вольфсбург" клубу өз талаасында испаниялык "Реал Мадридди" кабылып, беттеш 2:0 эсебинде немис командасынын пайдасына аяктады. Атаандашынын дарбазасына алгачкы голду 18-мүнөттө Рикардо Родригес пенальтиден киргизсе, Максимилиан Арнольд 25-мүнөттө дагы бир гол жаратты. Ал учурда мадриддик "Реалдын" футболчулары келген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышкан жок. 

© REUTERS / Fabian BimmerЧемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтүп, анда мадриддик "Реал" Германиянын "Вольфсбург" командасынан жеңилүү ызасын татты.
1/4
Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтүп, анда мадриддик "Реал" Германиянын "Вольфсбург" командасынан жеңилүү ызасын татты.
© AFP / John MACDOUGALLБеттеш 2:0 эсебинде немис командасынын пайдасына аяктады.
2/4
Беттеш 2:0 эсебинде немис командасынын пайдасына аяктады.
© REUTERS / Gonzalo FuentesЭкинчи оюнда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Англиянын "Манчестер Сити" клубу тең чыгышты.
3/4
Экинчи оюнда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Англиянын "Манчестер Сити" клубу тең чыгышты.
© REUTERS / Benoit TessierЭки команданын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
4/4
Эки команданын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
1/4
Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндары өтүп, анда мадриддик "Реал" Германиянын "Вольфсбург" командасынан жеңилүү ызасын татты.
2/4
Беттеш 2:0 эсебинде немис командасынын пайдасына аяктады.
3/4
Экинчи оюнда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Англиянын "Манчестер Сити" клубу тең чыгышты.
4/4
Эки команданын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Барса" менен "Бавария" жеңишке жетти
Чейрек финал оюндарынын кийинки беттеши Францияда өтүп, анда "ПСЖ" өз талаасында Англиянын "Манчестер Сити" командасын кабыл алды. Оюндун 12-мүнөтүндө "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович келген мүмкүнчүлүктү колдон учуруп, пенальтиден гол жарата алган жок. Анткен менен Ибрагимович 41-мүнөттө эсеп тактасына ысымын жаза алды. Көп өтпөй 59-мүнөттө Адриен Рабьо дагы бир гол киргизди. "Манчестер Ситиден" 38-мүнөттө Кевин де Брёйне эсепти ачса, Фернандиньо 72-мүнөттө эсепти теңдей алды. Ошентип эки команданын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. 

Жооптуу оюндар 12-апрель күнү өтөт. 

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алгачкы беттешинде "Барса" менен "Бавария" жеңишке жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0