КР сууда сүзүүчүлөрү Дубайдан 11 медаль менен кайтышты

Жазылуу
Кыргызстандын көрсөткүчү 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына баруу үчүн лицензия алууга таасир тийгизет.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүүчүлөрү лицензиялык мелдештен 11 медаль тагынып келишкенин аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Dubai International Aquatic Championship 2016 деп аталган мелдеш учурда Дубайда өтүп жатат.

Үч күндүн жыйынтыгы менен КР командасы үч алтын, жети күмүш жана бир коло медалга ээ болушту. Мелдештин биринчи эле күнү кыргызстандык спортчулар Никита Пауков менен Елизавета Рогожникова 200 метр аралыкка чалкасынан сүзүү боюнча күмүш медаль алышкан. 

Хоккей оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогу өтөт
Коло медалга 50 метр аралыкта Иван Пантелеев ээ болду. Экинчи күнү 50 жана 100 метр аралыкта сүзүү боюнча эки алтын медалга Иван Пантелеев менен Денис Петрашов татышты. Ошол эле дистанцияда Кристина Панасенко менен Дарья Талантова күмүш байгеге ээ болушту.

Үчүнчү күнү брасс менен 50 метр аралыкка сүзүүдө Денис Петрашов алтын медаль тагынса, Кристина Панасенко менен Дарья Талантова күмүш медаль алышты. Булардын катарын 400 метр аралыкта Никита Пауковдун күмүш медалы да толуктады.

Федерациянын башкы катчысы Тамара Петрашованын айтымында, лицензиялык мелдештерде спортчулар упай топтоду, бул өз кезегинде Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына баруу үчүн лицензия алууга таасир тийгизет.

Ал кыргызстандык спортчулардын кеминде эки лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0