КР хоккейчилери Катардын командасын утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы Азиянын чакырык кубогу үчүн турнирге үчүнчү жолу катышууда. Турнирдин жеңүүчүсү Азиянын чакырык Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстан Азиянын чакырык кубогу үчүн турнирде дагы бир ири жеңишке жетишти.

Кыргыз хоккей курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР хоккейчилери индиялык команданын быт-чытын чыгарды
Кыргызстан менен Катардын ортосундагы экинчи матч жекшемби күнү өттү. Жергиликтүү команда Катардын командасын 9:0 эсеби менен утту.

Ага чейин ишемби күнү турнирдин алгачкы күнүндө кыргызстандыктар Индиянын командасын 11:1 эсеби менен жеңип алган. Мелдештин ачылыш салтанаты 9-апрель күнү өттү.

Кыргызстандын курама командасы аталган турнирге үчүнчү жолу катышууда. Турнирдин жеңүүчүсү Азиянын чакырык Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алат.

2014-жылы жергиликтүү команда биринчи дивизионго Индия, Макао жана Сингапур менен чогуу катышкан. Финалда кыргызстандыктар Макао командасынан утулуп, экинчи орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0