Ринг. Архив

Алжирлик мушкерлер Олимпиадага Ысык-Көлдөн даярданышууда

27
(жаңыланган 15:28 11.04.2016)
Дүйнөнүн мыкты мушкерлери өз чеберчилигин жергиликтүү спортчуларга көрсөтүп жатышат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Алжирдин мушкерлери быйыл жайында өтчү Олимпиадага даярдануу үчүн Ысык-Көлгө келишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, спортчулар кыргыз тараптын чакыруусу менен чогуу машыгуу үчүн келишти. Даярдыктар Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамга айылында өтүп жатат.

"Башка өлкөлөрдө машыгууларды өткөрүү үчүн каражатыбыз жок. Андыктан алжирлик дүйнөнүн мыкты мушкерлерин чакырдык. Алардын арасында дүйнө чемпиондору бар, жетөө быйылкы Олимпиадага жолдомо алган", — деди Бекболотов.

Апрелдин башында Кытайда өткөн бокс боюнча лицензиялык турнирде Кыргызстандан Эркин Адылбек уулу гана Олимпиада лицензиясына ээ болгон. Кыргызстандык спортчулардын жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү сакталууда.

"Июнда Бакуда дагы бир лицензиялык турнир өтөт. Азыр биздин мушкерлер ошого даярдык көрүп жатышат", — деди машыктыруучу.

Кыргызстандан тогуз спортчу Олимпиадага катышуу үчүн лицензияга ээ болду: Эркин Адылбек уулу (бокс), Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова жана Магомед Мусаев (эркин күрөш), Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана Дарья Маслова (жеңил атлетика).

27
Белгилер:
лицензия, машыгуу, Олимпиада, Алжир, Кыргызстан
Тема боюнча
КР сууда сүзүүчүлөр Дубайдагы турнирде дагы 8 медаль тагынышты
КР хоккейчилери Катардын командасын утуп алды