БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ош шаарында спорттун таэквон-до түрү боюнча республикалык ачык чемпионат болот. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
"16-17-апрель "Коңурат" спорт комплексинде таэквон-до боюнча республиканын ачык чемпионаты өтөт", — деп билдирди маалымат кызматы.
Бул таймашка республиканын бардык аймактарынан жана коңшу мамлекеттердин спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.
Түштүк борбордо өтүүчү чемпионат эки күнгө созулат.