Тажикстанда өтчү футбол турнирин кыргызстандык айым калыстар тейлейт

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүАялдар футбол беттеши. Архив
Аялдар футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү футболчу кыздардын таймашы өтөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык калыстар Рамина Цой менен Вероника Бернацская кыздар арасында өтчү футбол турниринде калыстык кылышат. Бул тууралуу КРдин футбол лигасы кабарлайт. 

FIFA инструкторлору кыргызстандык калыстарды окутат
Маалыматка ылайык, Тажикстанда 26-апрелден 1-майга чейин Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 14 жашка чейинки кыздары арасында футбол турнири өтөт. 

Мелдешти жети өлкөдөн келген 14 калыс тейлейт. Ал эми турнирде Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Бутан, Индия, Непал жана Бангладештен келген командалар күч сынашат. 

Бернацкая менен Цой жыл сайын өтчү FIFA MA Refereeing Course курсунан өтүшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0