Швецияда өтчү тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты үчүн КРдин курамасы түзүлөт

Жазылуу
Бур турнирдин жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы куралып, ал 2017-жылы өтө турган Дүйнөлүк оюндарга лицензия үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын тай боксу боюнча ачык чемпионаты Бишкекте өтө турганын Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко билдирди.

Таймашта Швецияда өтчү тай боксу боюнча дүйнө биринчилигине катыша турган спортчулар тандалып алынат.

Шевченконун айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, ал 2017-жылы өтө турган Дүйнөлүк оюндарга лицензия үчүн ат салышат.

"Биз балдарыбызга ишенебиз, учурда алар машыгуудан өтүп жатышат. Бирок мыктылар гана тандалып алынат", — деди Шевченко.

Чемпионат 24-апрелде өтүп, ага Казакстандан да келген спортчулар катышат.

Ал эми тай боксу боюнча дүйнө биринчилиги Швециянын Йенчепинг шаарында 18-25-май күндөрү өтөт.

Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча комплекстүү мелдеш. Төрт жылда бир өтчү оюндардын кезектегиси 2017-жылы Польшада болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0