Курсанты академии МВД завоевавшие медали на турнире по борьбе Джиу-джитсу в Бишкеке

ИИМ академиясынын курсанттары джиу-джитсу боюнча турнирден 18 медаль алышты

33
(жаңыланган 17:58 26.04.2016)
Академиянын студенттери джиу-джитсунун жоокердик жана спорттук түрү боюнча күч сынашты.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттары джиу-джитсу боюнча турнирден 18 медалга ээ болушканын аталган окуу жай билдирди.

  • Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттары джиу-джитсу боюнча турнирден 18 медалга ээ болушканын аталган окуу жай билдирди
    Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттары джиу-джитсу боюнча турнирден 18 медалга ээ болушканын аталган окуу жай билдирди
    пресс-служба Академии МВД КР
  • Мелдеш Бишкекте өтүп, ага аймактардан жана Бишкек шаарындагы алты спорт клубунан 300дөн ашуун спортчу катышты
    Мелдеш Бишкекте өтүп, ага аймактардан жана Бишкек шаарындагы алты спорт клубунан 300дөн ашуун спортчу катышты
    пресс-служба Академии МВД КР
  • Академиянын студенттери джиу-джитсунун жоокердик жана спорттук түрү боюнча күч сынашты.
    Академиянын студенттери джиу-джитсунун жоокердик жана спорттук түрү боюнча күч сынашты.
    пресс-служба Академии МВД КР
1 / 3
пресс-служба Академии МВД КР
Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттары джиу-джитсу боюнча турнирден 18 медалга ээ болушканын аталган окуу жай билдирди

Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкекте өтүп, ага аймактардан жана Бишкек шаарындагы алты спорт клубунан 300дөн ашуун спортчу катышты. 

Академиянын студенттери джиу-джитсунун жоокердик жана спорттук түрү боюнча күч сынашты. 

Бардык жеңүүчүлөр быйыл Ысык-Көлдө өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алышты.

33
Белгилер:
академия, медаль, турнир, джиу-джитсу
Тема боюнча
Бишкекте Көчмөндөр оюндары үчүн балбандар тандалууда
Кыргызстандын тай боксчулары улуттук курамга кирүү үчүн күч сынашты
Ирландиялык Конор Макгрегор жана россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Нурмагомедов: Гэтжиден кийин Макгрегор менен кармашууга даярмын

189
(жаңыланган 17:43 14.08.2020)
Эки жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди реванш-беттешке чакырып келген. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Москвадагы маалымат жыйынында америкалык Жастин Гэтжиден кийин ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Ал эми Макгрегорду мындан эки жыл мурун Лас-Вегастагы турнирде уткан. Беттештин аягы ызы-чуу менен коштолуп, эки тараптын командасы массалык уруш чыгарган. Окуядан кийин Нурмагомедов беттештерден четтетилип, ири көлөмдөгү айыпка жыгылган.

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

"Гэтжиден соң ким менен болсо да кармашканга даярмын. Ал Тониби (Фергюсон) же Конорбу (Макгрегор), айырмасы жок", — деген спортчу.

2018-жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди бир нече ирет реванш-беттешке чакырып, UFC президенди Дана Уайт дагы аны уюштурууга кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

189
Белгилер:
реванш, беттешүү, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты
Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты
Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

178
Хабиб өзүн ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратканын белгилеген. Ошондой эле келечекте машыктыруучулук менен чектелбей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо ою болгонун моюндады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчу азыр чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алууга даярдык көрүп жатканын белгилеген. Эске салсак, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашат.

"Ар кандай ойлор келет, азыр деле карьераны жыйынтыктоо тууралуу ойлоном. Бирок учурда алдыдагы беттешке даярданып жатам, узакка план койгон жокмун. Сентябрда 32ге чыгам, жаш спортчу эмесмин. Акырындан ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратам. Сегиз жылдан бери UFC октагонуна чыгып келем. Эртерээк беттештерге кайтып, деги эле бир нерсе менен алек болгум келип жатат", — деген Хабиб.

Менеджер: Хабиб карайлап турат, бирок быйыл Гэтжи менен беттешет

Мындан тышкары, ага "саясатка барасызбы?" деген суроо узатылган. Мушкер спорттогу ишин аягына чыгара электигин жана креслосу жок эле элге жардам берсе болорун айткан.

Бирок ошол эле учурда өзүн келечекте машыктыруучулук менен чектебей турганын кошумчалаган.

178
Белгилер:
беттешүү, карьера, спорт, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды