Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште 36 медаль тагынып, мыкты аталышты

Жазылуу
Турнирде кыргызстандык спортчулардан сырткары, Казакстан, Россия жана Монголиядан келген 15-16 жашар өспүрүмдөр 13 категориялык салмакта күч сынашты.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. СССРдин спорт чебери, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Виктор Асташенковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште кыргыз боксчулары мыкты аталды. Бул тууралуу Асташенков атындагы ветерандар жана спортчулар коомдук фондунун мүдүрү Сергей Лучников билдирди. 

Мелдеш өткөн аптанын шейшемби күнү башталып, кечээ жыйынтыкталды. 

Штангист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык штангисттер Риодогу жайкы олимпиадага жолдомо алышты
Турнирде кыргызстандык спортчулардан сырткары, Казакстан, Россия жана Монголиядан келген 15-16 жаштагы өспүрүмдөр 13 категориялык салмакта күч сынашты. 

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандыктар 9 алтын, 8 күмүш жана 19 коло медалга ээ болушту.

Ал эми Россиянын капчыгында эки алтын, бир күмүш жана эки коло болсо, Казакстандын спортчулары эки алтын, үч күмүш, төрт коло медаль тагынышты. Монголия болсо бир күмүш медаль менен чектелди. 

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 52 килограмм салмакта алтын тагынган кыргызстандык Санжар Сейдакматов мыкты мушкер деп табылды. 

Спорттук иш-чараны Асташенков атындагы коомдук фонд жана КРдин бокс федерациясы уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0