Көк бөрү боюнча таймаш 5-майда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү боюнча беттешүү. Архив
Көк бөрү боюнча беттешүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жыйынтыгы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына мыкты оюнчулар тандалып алынат.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Көк бөрү боюнча турнир 5-май күнү "Ак кула" ипподромунда баштала турганын Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция билдирди.

Мелдеш Жеңиш күнүнүн урматына уюштурулуп, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналмакчы.

I Всемирные Игры Кочевников на Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Азербайжанда Көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланды
4-май күнү чучу кулак кармалып, мелдеш 5-8-май күндөрү өтөт. 

9-майда жарым финал жана финалдык беттештер тартууланат. Мындан тышкары, келген эл ат оюндарына күбө болот. 

Мыкты оюнчулар 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат салыша турган улуттук курама команданын катарына кабыл алынат. 

Көк бөрү оюну ар бир 20 мүнөттүк эки таймдан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0