Кыргызстандык балбан Руслан Царев Риодогу олимпиадага жолдомо алды

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Руслан Царев. Архив
Кыргызстандык балбан Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Түркиянын Стамбул шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча турнирде күмүш тагынган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык балбан Руслан Царев Стамбулда (Түркия) өткөн дүйнөлүк лицензиялык турнирде күмүш медаль тагынып, Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттигинин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын Стамбул шаарында грек-рим күрөшү боюнча лицензиялык турнир өттү.

"Царев 66 килограмм салмактык категорияда килемге чыгып, катары менен төрт ирет жеңишке жеткен соң финалга жолдомо алды. Финалдык беттеште Царев азербайжандык Расул Чунаев менен кармашып, жеңилүү ызасын тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Ошентип Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага катышуу үчүн он бир жолдомо болду. Өлкөнүн намысын жеңил атлетчилер, грек-рим жана эркин күрөшчүлөр, бир боксчу жана бир штангист коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0