Олимпиадага барчу КР спортчуларынын кийимин тез арада даярдоо тапшырылды

Жазылуу
Жайкы Олимпиалалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Уюштуруу комитети Улуттук олимпиада комитетин Кыргызстандын спортчуларынын Рио олимпиадасында кие турчу параддык кийиминин эскиздерин жасоону тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева быйыл Рио-Де-Жанейродо (Бразилия) өтө турчу жайкы XXXI олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кенжеев Олимпиада лицензиясынан мельдоний үчүн ажыратылды
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 12 жолдомо жана Паралимпиадалык оюндар үчүн эки жолдомо алган. Дагы төрт жолдомо утууга мүмкүнчүлүк бар.

Улуттук олимпиада комитети грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун алынышы боюнча абалга түшүндүрмө берип, спортчу мельдоний каражатын колдонгону үчүн ушундай чара көрүлгөнүн маалымдады. Бул допинг каражаты 2016-жылдын 1-январынын тарта тыюу салынган.

Жыйындын соңунда уюштуруу комитети спортчулардын Олимпиада оюндарына катышууга даярдык көрүүсү үчүн каражатты маалында бөлүп берүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0