Чемпиондор лигасынын УЕФА кубогу. Архив

"Реал" менен "Атлетиконун" финалдык оюну YouTube каналынан 1-жолу түз көрсөтүлөт

72
(жаңыланган 15:44 13.05.2016)
Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши 28-майда Милан (Италия) шаарында өтөт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чемпиондор лигасынын (ЧЛ) финалында беттеше турган "Реал" менен "Атлетико" командаларынын оюну YouTube сайты аркылуу биринчи жолу түз алып көрсөтүлөт. Бул тууралуу Испаниянын MundoDeportivo басылмасы билдирди. 

Белгилей кетсек, футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалында испаниялык "Атлетико" германиялык "Баварияны" жеңип алса, "Реал" командасы "Манчестер Ситини" уткан.

Командалардын беттеши 28-майда Миланда өтөт. УЕФАдан маалымдашкандай, Улуу Британиянын тургундары видеону сайттан бекер көрө алышат. 

Испанияда мелдешти түз алып көрсөтүү укугу beIN Sports каналына таандык. Ал акы төлөгөн абоненттерине беттешти түз алып көрсөтөт деп жазылат билдирүүдө.

72
Белгилер:
Милан, Чемпиондор лигасы, футбол
Тема боюнча
Чемпиондор лигасынын жарым финалында "Атлетико" "Баварияны" жеңип алды
"Манчестер Сити" менен "Реал" беттешүүсүнөн жеңүүчү аныкталган жок
Казакстандын Кайрат футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов

Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун "баасы" бир миллион еврого чыкты

60
(жаңыланган 12:43 01.12.2021)
Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты. Ал эми Кыргызстанда эң кымбат оюнчу болду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты оюнчулардын баасын аныктаган германиялык Transfermarkt басылмасы кечээ жазды.

Муну менен Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты.

"Кайрат" менен ал быйылкы сезондо Казакстандын кубогу мелдешин утту. Өлкө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми өткөн жылы Казакстандын чемпиону болгон.

Кыргыз футболчусу буга чейин эки ирет Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" жарышында жеңүүчү болгон.

Ал казакстандык команданын сабында ойноп, Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Европа лигасы мелдешинде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу.

Гүлжигиттин мыкты дриблинги, чапчаңдыгы, коргоочуларды буйтап өткөн өзгөчө сапаттары үчүн казакстандык күйөрмандар ага "Кыргызстандык Месси" деп ат коюп алышкан.

Гүлжигит Алыкулов казакстандык командага 2020-жылдын январында бир жылдык келишим менен беларустук "Неман" клубунан өткөн. Кийин оюнчу менен команда 2023-жылга чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага чейин ал Бишкектин "Алга", Түркиянын "Анталиспор" клубдарында ойногон.

Футболдук карьерасын ал 2017-жылы Бишкектин "Дордой" клубунда баштап, эки жылдан кийин "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамына татыган.

Жарым коргоочу Алыкулов учурда Кыргызстанда эң кымбат футболчу. Экинчи сапта курама команданын капитаны, Россиянын "Енисей" клубунун коргоочусу Валерий Кичин турат. Анын наркы 800 миң еврого бааланууда.

60
Белгилер:
Гүлжигит Алыкулов, футболчу, Казакстан, ФК Кайрат, трансфер, баа
Тема боюнча
Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео
Бердымухамедовдун вице-премьерлер менен футбол ойногон видеосу
Жиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер машыгуу учурунда

Бишкекте алгачкы ирет жиу-житсу күрөшүнөн кадеттердин чемпионаты өтөт

23
Мындай мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Жаш балбандардын таймашы Бишкектеги Kyrgyzstan TOP TEAM бразилиялык жиу-житсу академиясында болот.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 18-19-декабрда жиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер (окуучулар) арасында Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жиу-житсу федерациясынын башкы катчысы Айжан Кадырбекова Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Анын айтымында, мындай мелдеш алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.

"Турнирди биздин федерация уюштуруп өткөрөт. Ага кадеттер, мектеп окуучулары гана катышат. Аймактардан, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан жаш балбандардын келери күтүлүүдө. Азырынча канча спортчу катышары белгисиз. Бирок мелдеш республика боюнча күчүн сынагысы келген бардык жаш спортчуларга эшигин ачат", — деген Кадырбекова.

Жаш балбандардын таймашы Бишкектеги Kyrgyzstan TOP TEAM бразилиялык жиу-житсу академиясында өтөт.

23
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, мелдеш, чемпионат, жиу житсу
Тема боюнча
Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт
Маткеримов: Бишкектеги Эл аралык дзюдо академиясы 500 адамды батырат
Избиратель просматривает свой бюллетень, пока члены местной избирательной комиссии работают на избирательном участке во время парламентских выборов в поселке Арашан

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

0
(жаңыланган 13:36 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15.18 пайыз;
  • "Ынтымак" — 14.44 пайыз;
  • "Ишеним" — 12.62 пайыз;
  • "Ыйман нуру" — 7.32 пайыз;
  • "Альянс" — 6.85 пайыз;
  • "Эл үмүтү" — 5.69 пайыз;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 5.80 пайыз.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол