"Барса" Испаниянын футбол боюнча чемпиону аталды

© REUTERS / Pepe MarinИгроки каталонской "Барселоны" празднуют победу в чемпионате Испании по футболу после выигрыша "Гранады".
Игроки каталонской Барселоны празднуют победу в чемпионате Испании по футболу после выигрыша Гранады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи орунга бир упай аз топтогон "Реал" клубу ээ болду

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Каталондук "Барса" клубу футбол боюнча Испаниянын чемпиону аталды.

Кыргызстандын футбол курама командасын алдыда үч оюн күтүп турат
Өлкө биринчилигиндеги акыркы турга "Раел" 87 упай менен келсе, "Барса" 88 упай чогулткан эле.

"Барса" конокто "Гранада" менен кезиксе, "Депортиво" өз үйүндө "Реалды" кабыл алды.

"Барса" мыкты аталыш үчүн атаандашын утса жетиштүү болмок, ал эми "Реал" өлкө биринчиси аталуу үчүн "Депортивону" жеңип, "Барсанын" жаза басышын күтүү керек эле.

Эки оюн бир учурда болуп, "Барса" атаандашынын дарбазасына жоопсуз үч гол киргизсе, "Реал" 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. Турнирдин жыйынтыгы боюнча "Реал" 90 упайга ээ болсо, "Барса" 91 упай топтоп мыкты аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0