Белгилүү футболчу Азамат Байматов Бахрейндин алдыңкы клубуна өттү

© пресс-служба ФФ КРКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын негизги коргоочусу Азамат Байматов
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын негизги коргоочусу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоочу жаңы клубда 7 же 17 саны менен чыгат жана командага ийгилик алып келип, чемпиондук титул алып келген оюнчулардан болууга ниеттенип турат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын негизги коргоочусу Азамат Байматов Бахрейндеги топ-клубдардын бири "Аль Риффага" өттү. Аталган клуб менен эки жылга келишим түздү. Бул туурасында КРдин Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.

© пресс-служба ФФ КРКапитан и центральный защитник сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов
Капитан и центральный защитник сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Капитан и центральный защитник сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов

Буга чейин Байматов Бахрейндин "Ситра" клубунда ойногон.

Футболчу федерацияга берген маегинде Бахрейндин былтыркы чемпиону "Мухарак" жана "Аль Риффа" сезондун аягында анын футболдук деңгээлине кызыга баштагандыгын айтып берген.

Кыздар футбол командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Футбол сулуусу" наамына талапкер бийкечтердин сүрөтү жарыяланды
"Мындан сырткары египеттик "Исмаили клаб" футболдук клубунан үч ирет расмий сунуш түшкөн. Машыктыруучум, үй-бүлөм жана балдар менен кеңешип көрүп, "Аль Риффаны" тандадым. Бул клубга көбүрөөк керекмин жана өзүмдү ушул жерден көрсөтө алам деп ойлодум. Бул сезондо коргонуу жаатында көйгөйлөр болду. Алар мени менен эки жылга келишим түзүп жатканда, биз Королдун кубогун же Gulf Cup (Arabian Gulf Cup) кубогун жеңип алууга ниеттенип жатабыз. Чемпионатта ээлеген төртүнчү орундун жыйынтыгы Аравиянын кубогуна катышууга мүмкүнчүлүк берет",— деди Байматов.

Курама команданын капитаны коргоочу болуп жаңы клубда 7 же 17 саны менен чыгат жана командага ийгилик алып келип, чемпиондук титул алып келген оюнчулардан болууга ниеттенип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0