Таласта өткөн кыздар арасындагы футбол фестивалы 250 оюнчуну чогултту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз-келиндер арасындагы футбол оюну. Архив
Кыз-келиндер арасындагы футбол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара өлкөдөгү кыз-келиндер арасындагы футбол оюнун жайылтуу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Таласта Дүйнөлүк футбол федерациясынын (FIFA) колдоосу менен Live Your Goals аттуу кыздар арасындагы футбол фестивалы өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.-+

Футбол оюнчулары машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Өзбекстан — Кыргызстан беттеши болбойт
Иш-чара 20-21-май күндөрү болгон. Ага 10 жаштан 14 жашка чейинки 250 кыз катышты.

Бул кадам менен Футбол федерациясы жана FIFA кыздар арасындагы футболду жайылтуу максатын көздөйт. 

Фестивалдын жүрүшүндө кыздарга FIFAнын футболкалары белекке берилип, кыздар арасындагы футбол тууралуу кеңири маалымат жазылган буклет таркатылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0