"Барса" клубу "Севильяны" утуп, Испания кубогуна ээ болду

© AFP / JOSEP LAGO"Барселона" футбол клубу Испания кубогун жеңип алды.
Барселона футбол клубу Испания кубогун жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Мадриддин "Висенте Кальдерон" стадионунда болгон беттеш 2:0 эсебинде каталониялыктардын пайдасына чечилди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Барса" клубу "Севилья" командасын утуп, Испания кубогун жеңип алды. 

Жекшемби күнү Мадриддеги "Висенте Кальдерон" стадионунда болгон беттеш 2:0 эсебинде каталониялыктардын пайдасына чечилди. "Барсага" жеңиш алып келген голдорду 97-мүнөттө Жорди Альба, 120-мүнөттө Неймар киргизди. 

"Барселона" Испания кубогуна 28-жолу ээ болуп жатат. Каталониялыктар бул жылы өлкө биринчилигин жана Испания кубогун утуп, алдына ат салдырган жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0