КРдин футбол боюнча өспүрүмдөр командасы татаал тайпага туш болду

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-16). Архив
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-16). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиянын эң күчтүү делген 16 командасы Азия биринчилиги үчүн күзүндө Индия өлкөсүндө беттешет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-16) Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө ойной турган атаандаштарын билишти. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Футбол. Церемония жеребьевки чемпионата Европы 2016 - Sputnik Кыргызстан
КТРК футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык оюндарын түз эфирден көрсөтөт
Чучу кулак кармоо бейшемби күнү өттү. Кыргызстандын командасы Азиянын эң күчтүү командалары — Япония менен Австралиянын футболчулары кирген "В" тайпасына туш болду. Бул топко Вьетнамдын командасы да кирген. 16 команда төрт тайпага бөлүндү. 

Кыргызстан чү дегенде эле австралиялыктар менен беттешет. Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен ар бир топтон экиден команда чейрек финалга чыгат. Бул чемпионатта мыкты аталган командалар ушул эле Индияда 2017-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат. 

Чучу кулактын жыйынтыгы:

  • "А" тайпасы: Индия, Иран, Сауд Аравиясы, БАЭ;
  • "В" тайпасы: Австралия, Япония, Вьетнам, Кыргызстан;
  • "С" тайпасы: Корея, Малайзия, Оман, Ирак;
  • "D" тайпасы: Түндүк Корея, Өзбекстан, Таиланд, Йемен.

Азия чемпионаты 15-сентябрдан 2-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0