Кыргызстандык Антонина Шевченко тай боксу боюнча төртүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды

© Фото / федерация тайского бокса КРТайбоксчу Антонина Шевченко. Архив
Тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Перу мамлекетинин атынан чыгып, финалда россиялык Светлана Винникованы утуп алды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченко Швецияда өткөн тай боксу боюнча турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

IFMA World Muaythai Championship 2016 турнири Шведциянын Йенчепинге шаарында өтүп, анда кыргызстандык Рафаэль Физиев коло утса, Мирбек Сарткалмаков күмүш тагынды.

Кыргызстандык Антонина Шевченко Перунун атынан чыгып, финалдык таймашта Россиялык Светлана Винникованы утуп алды.

Бул анын дүйнөлүк мелдеште тагынган төртүнчү алтын медалы.

Жаңылыктар түрмөгү
0