Талант Дүйшөбаевдин жетеги менен Польшанын гандболчулары Чемпиондор лигасын утуп алды

© AFP / SASCHA SCHUERMANNКыргызстанда төрөлгөн Польшанын гандбол боюнча "Виве Кельце" клубунун машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев. Архив
Кыргызстанда төрөлгөн Польшанын гандбол боюнча Виве Кельце клубунун машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кыргыз машыктыруучунун эл аралык аренадагы алгачкы ийгилиги эмес. Ал Польшанын клубун машыктырып, эми команда сегиз жылдык тыныгуудан кийин Олимпиада оюндарына бармай болду.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлгөн Талант Дүйшөбаев машыктырган Польшанын гандбол боюнча "Виве Кельце" клубу тарыхта биринчи жолу Чемпиондор лигасын утуп алды. Бул тууралуу Польшанын Гандбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланган.

2014 кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын 10 олимпиада чемпиону
Биринчиликтин финалдык бөлүгүндө "Виве Кельце" турнирдин былтыркы финалисти, Венгриянын "Веспрем" клубу менен беттешкен. Оюндун бүтөрүнө 15 мүнөт калганда "Виве Кельце" тогуз упай менен артта келе жаткан, бирок команда күчүн жыйнап эсепти теңегенге жетишкен. Кошумча убакыт да жеңүүчүнү аныктай алган эмес. Турнир пенальти сериясында "Виве Кельце" клубунун 4:3 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Дүйшөбаев Польшанын клубун машыктыргандан кийин команда сегиз жылдык тыныгуудан соң Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0