Франция Европа чемпионатынын ачылышында Румынияны утуп алды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАлгачкы голду киргизген франциялык команданын чабуулчусу Оливье Жиру
Алгачкы голду киргизген франциялык команданын чабуулчусу Оливье Жиру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи таймда эсеп ачылган жок. Кийинкисинде талаанын ээси болгон франциялыктар алгачкы гол киргизди.

БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Франциянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатынын алгачкы беттешүүсүндө Румыниянын командасын утуп алды.

Оюн Парижде "Сен Дени" ("Стад де Франс") стадионунда өттү. Беттешүүнүн башталышында чемпионаттын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. Француз музыканты Дэвид Гетта биринчиликтин расмий гимнин аткарды. 

Футбол боюнча Европа чемпионатынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Европа чемпионатынын Бишкек убактысы боюнча жүгүртмөсү
Биринчи таймда эсеп ачылган жок. Алгачкы голду 58-мүнөттө франциялык команданын чабуулчусу Оливье Жиру киргизди. Бирок жети мүнөттөн кийин Румыния жооп кайтарып, Богдан Станку пенальтиден гол тепти. Ал эми жеңиш алып келген топту француз футболчусу Димитри Пайе киргизди.

Француздар үч упай менен А тайпасынын турнирдин таблицасында биринчи сапты ээлешти. Румыниялыктар менен француздардын атаандаштары болгон Швейцария менен Албаниянын беттешүүсү 11-июнга белгиленген.

Евро-2016 10-июлга чейин Франциянын он шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0