Аманкулов: балбан Эралиев допинг менен кармалды, бирок лицензиясы алынбайт

© AP Photo / Paul SancyaГрек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жанарбек Кенжеевдин канынан мельдоний табылып, спортчу лицензиядан кол жууган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев допинг менен кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди. 

Мельдоний — допинг чыры: Шараповадан Кенжеевге чейин
Дүйшөмбү күнү ЖКнын тармактык комитетинде эл өкүлдөрү кыргыз спортчуларынын Рио-де-Жайнеродо өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдыгын талкуулашты. 

Буга чейин Жанарбек Кенжеевден мельдоний препараты табылып, ал лицензиясынан айрылган. 

Аманкулов Кенжеевден допинг турнир учурунда, ал эми Эралиевден турнирден кийин даярдык учурунда табылганын, мындан улам Эралиевдин лицензиясы алынбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0