Кыргызстандык чабандес Назарбаевдин сыйлыгын утуп алды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКүлүк. Архив
Күлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 2400 метр аралыкка жарышка түшүп, жеңишке жетишкен, дагы бир мекендешибиз үчүнчү орунга ээ болду.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Каныбек уулу Авазбек Казакстан президентинин байгеси коюлган таза кандуу күлүктөрдүн эл аралык чабышын жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Турнир 11-июнь күнү Алматы шаарында өтүп, ага тогуз күлүк катышты. 

Мыктылардын арасынан биринчи болуп марага кыргызстандык англис тукумундагы Тоотору аты менен Каныбек уулу Авазбек жетип келип, 400 миң теңгелик байгеге ээ болду. 

Ал эми дагы бир кыргызстандык спортчу Аман Рахимбаев өзүнүн Электра де ля күлүгү менен үчүнчү болуп келди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0