Стадионго чуркап чыккан фанат Роналду менен "селфилдеп", өөп алганга үлгүрдү

© REUTERS / Charles PlatiauКриштиану Роналду Парижде Евро-2016 чемпионатынын алкагында өтүп жаткан матчта стадионго чуркап чыккан фанаты менен сүрөткө түшүп жатат
Криштиану Роналду Парижде Евро-2016 чемпионатынын алкагында өтүп жаткан матчта стадионго чуркап чыккан фанаты менен сүрөткө түшүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Селфи бүткөндөн кийин стадиондун кызматкерлери эркек кишинин колу-бутун кайрып, борбордук талаадан алып чыгып кетишти.

БИШКЕК, 19-июн — Sputnik. Португалиянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Парижде Евро-2016 чемпионатынын алкагында өтүп жаткан матчта стадионго чуркап чыккан фанаты менен сүрөткө түшүп, селфи жасалды. Күйөрмандын артынан энтиге чуркап келген күзөтчүлөрдү сүрөткө түшүп алгыча тура тургула деген мааниде колу менен жаңсап токтотту. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды. 

Мадриддин Реал командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Роналду Forbes тизмесинин сап башына чыккан алгачкы футболчу болду
Окуя Австрия менен Португалиянын беттеши бүткөндөн кийин болгон. Аны кайдан чуркап чыга калганын футболчулардын коопсуздугу карап турган стюарддар да байкабай калган. Бир нече секунд ичинде фанат Роналду менен сүрөткө түшүп, ал тургай бетинен "чоп" эткизип өөп алганга да үлгүрдү. Селфи бүткөндөн кийин стадиондун кызматкерлери эркек кишинин колу-бутун кайрып, борбордук талаадан алып чыгып кетишти. 

Мадриддин "Реалынын" чабуулчусу бул беттешүүдө Португалиянын курама командасы менен чыкканда оюндарынын саны менен рекорд жаратты. Австрия менен беттешке аталган команданын курамында чыкты. 

Бул Роналду үчүн Португалиянын курамында ойногон 128-матч болуп калды. Ошентип, легендарлуу футболчу аталган көрсөткүч боюнча рекорд жаратып, буга чейин эч кимди алдына салбай келе жаткан Луиш Фигудан ашып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0