КРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Сербиянын Суперлига клубуна өттү

© пресс-служба ФФКРКРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев. Архив
КРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган клубдун маалыматында башка командага өтүүнү улуттук кураманын жарым коргоочусу Антон Землянухин сунуштаган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. КРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Сербиянын "Раднички Ниш" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт. 

Ниш шаарынын кулубу Сербиянын Суперлигасында ат салышууда. 

"Козубаев "Раднички" клубуна келгенче чейин "Ягодина" клубунда ойногон", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган клубдун маалыматында башка командага өтүүнү команданын жарым коргоочусу Антон Землянухин сунуштаган. Анткени Землянухин буга чейин аталган клубда ойноп келген. 

21 жаштагы Козубаев Кыргызстандын жаштар курамасынын капитаны, 2015-жылдын тарта улуттук курамда ойноп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0