Зидан 44 жашта! Улуу футболчу тууралуу кызыктуу фактылар

© REUTERS / Stefano Rellandini Мурдагы белгилүү футболчу жана "Реал Мадрид" клубунун азыркы машыктыруучусу Зинедин Зидан. Архив
Мурдагы белгилүү футболчу жана Реал Мадрид клубунун азыркы машыктыруучусу Зинедин Зидан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зинедин Зидан — дүйнөлүк футболдун легендасы, машыктыруучу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мурдагы белгилүү футболчу жана "Реал Мадрид" клубунун азыркы машыктыруучусу Зинедин Зидан бүгүн 44 жашка толду. 

Бардык футбол күйөрмандары Зиданды мадриддик "Реал" менен туриндик "Ювентус" клубдарында көрсөткөн мыкты оюндары менен таанышат. Анын топ менен иштеген техникасы дүйнө жүзүндөгү фанаттардын оозун ачырган. 

Учурда легендарлуу футболчу эң мыкты "Реал Мадрид" клубунун машыктыруучусу болуп эмгектенип келет. Быйыл аталган клуб Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп, Зидан менен болгон келишим узартылды. 

Футбол боюнча Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Роналду журналисттин микрофонун жулуп алып, сууга ыргытып жиберди
Франциянын курама тобунда оюн көрсөтүп келген белгилүү спортчу Европа менен дүйнөнүн чемпиону болуп эсептелет. Ал "Алтын топтун" да ээси болгон. 

Зиданды футболго кызыкпаган адамдар да тааныйт. Ал 2006-жылы Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта италиялык оюнчу Марко Матераццини башы менен төшкө согуп ызы-чуу чыккан. Натыйжада ал оюндан четтетилген. Зидан футбол ойноочу батинкесин быйыл гана чечти. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчунун эң мыкты голдорун эстеп көрүүнү сунуштайт. 

Зинедин Зидан Франциянын курама тобу менен эл аралык беттешүүгө биринчи жолу 1994-жылы Чехиянын курама тобуна каршы оюнга чыккан. Алгач Франция 2:0 эсебинде жеңилип жаткан, бирок башка футболчунун ордуна оюн талаасына чыга калган Зидан эки мүнөттүн ичинде эки гол киргизип эсепти теңдеп койгон. 

Бул шумдуктуудай гол элдин эсинде дагы деле бар болсо керек. 2002-жылы өткөн Чемпиондор лигасында германиялык "Байер" клубу менен болгон оюнда Зидан каршылаштары күтпөгөн жерден гол киргизген.

Каршылашын башы менен төшкө соккон Зидан Матерацци анын үй-бүлөсүн кемсинткени үчүн ушундай кадамга барганын айтып чыккан. 

Зидандын "Реал Мадрид" үчүн акыркы оюну. Трибунада анын үй-бүлөсү менен жакындары, 90 мүнөттүк акыркы оюнду көзүнө жаш алуу менен ойноду. Футболчу үчүн жашоонун бир этабы аяктап баратты… 

Эми алдыда машыктыруучу катары жаңы жетишкендиктерди багынтуу максаты турат. Биринчи жолу Чемпиондор лигасын "Реал Мадриддин" машыктыруучусунун жардамчысы катары жеңип алган, ал эми 2016-жылы башкы машыктыруучу катары ийгиликке жетишти. 

Күлкүлүү учурлар дагы болгон. "Реал" оюнчусу Карим Бензема жаңылыштык кетиргенде эмоционалдуу Зидан шымын айрып алган.

Көп убакыт бою умтулуп акыры жетишкен жеңиш. "Реал" клубунун футболчулары Чемпиондор лигасын жеңгенден кийин машыктыруучусун асманга көкөлөтүп жатышат. 

Зидандын укмуштуудай ыкмалары. 

2011-жылы Зидан Алжирге барып, жергиликтүү тургундарды кубанткан жайы бар. Ал балдар менен көчө футболун ойногон.

Француз БУУнун ыктыярдуу элчиси катары Малиге барган кези. 

Зидан Астерикс менен Обеликс тасмасында Зинедистин ролун жараткан.

Футболчу тууралуу өзүнчө кино дагы тартылган. Тасма "Зидан: 21-кылымдагы портрет" деп аталат. Ал биринчи жолу сынактан сырткары эл аралык Канн фестивалында көрсөтүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0