Кумар Жалиев: Кыргызстандын спортчулары допинг колдонсо дүйнөнү басып кетет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев киксбокчу Кумар Жаналиевге сыйлык тапшырып жатат. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев киксбокчу Кумар Жаналиевге сыйлык тапшырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Океан артында жана Европада спорттук карьера көп учурда теле алып баруучулук, же актердук кесипке ооп кетет. Мисалы мурун "Челсиде" ойногон Рууд Гуллит жана Винни Жонс актерлукту мыкты аркалап кетишсе, баскетболчу Шакил Онил, Чарльз Баркли белгилүү теле алып баруучулар.

Жакында эле Кыргызстанда "Сагын" аттуу кино тартылып, коомчулукка сунушталды. Андагы башкы ролду кикбокс боюнча дүйнө чемпионатынын үч ирет коло медалын тагынган мушкер Кумар Жалиев аткарган.

Журналист Гүлдана Талантбекова Жалиевди кепке тартып, спорт, кино өнөрүндөгү жашоосуна кызыгып көрдү.

— Алгач эле актерлук тууралуу сурайынчы, "Сагын" тасмасына баш каарман кылып эмне себептен сизди тандап алышты?

Кыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы Ильяз Абдразаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Абдразаков: досторум жубайларын кызгана баштаганда, үйлөнүүнү чечтим
— Бул тасмага тартылып калуума режиссер Данияр Абдыкеримов себепкер болду. Ал мындан эки-уч жыл мурун Эркин Мукашевдин "Мама" аттуу клибине тартып, ошондо "жакшы тасма тартып калсам сага баш каармандын ролун берем" деп айтып жүрчү. Буга чейин да эки тасманын эпизодуна тартылгам. Алгач "Сагын" тасмасынын сценарийи менен таанышып чыктым, аткара алаарыма көзүм жетип, макулдугумду бердим.

— Сагындын ролун жеткиликтүү ойной алдым деп ойлойсузбу? Кыйынчылыктар жаралса керек?

— Башка актерлордой эле тасма жарыкка чыккандан кийин айрым жерлерин жакшы ойносом болмок экен деген ой келди. Кыйынчылык туудурганы Сагындын аялы каза болуп баласын бооруна кысып ыйлаган жерин аткаруу болду. Мүмкүн өзүмдүн баламдын жоктугунан болуш керек.

— Каарманыңыздын сиз менен кандай окшош жактарын байкай алдыңыз?
— Мен жаштайыман эле финансылык жактан ата-энеме көз каранды болуп жашаганды жактыра берчү эмесмин. Эркин болгон жагат. Ушул жерлерибиз көбүрөөк окшош.

— Жакшы сапаттарын ала алдыңызбы?
— Кечиримдүү болууну үйрөндүм окшойт.

— Мурда спорт менен алектенип жүрүп, кийин киного аралашканда кандай болду? Экөөнүн кандай окшош жактары, айырмачылыктары бар экен?
— Кино, албетте, бул — чыгармачылык. Окшош жагы — чогуу биргеликте команда менен иштей билүүдө. Маселен спортто жалгыз ийгилик жарата албайсың, кино талаасында да ушул көрүнүш. Жарык берүүчү же гример болбой калса эле ойдогудай жыйынтык болбой калат.

— Спорт менен кино жаатын айкалыштыруу оор болсо керек?
— Учурда спорт менен машыкканга убактым тар болуп жатат. Анын үстүндө азыр спорт мени бакпайт.

— Спорт деп калдык, мурда машыгып жүргөндө допинг колдонгон учурлар болгонбу?

Белгилүү бийчи, хореограф Максат Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хореограф Максат Сыдыков: чет жердеги карьерамды таштаганда көбү жемеледи
— Допинг — спортчуга кошумча күч-кубат бере турчу каражат. Алардын катарында жакында эле коомчулукта талаш жараткан мельдоний каражаты да бар. Ал тыюу салынганга чейин далай спортчулар ийгиликтерди багындырышкан. Эгер өзүм тууралуу айтсам, колдонгон эмесмин. Кыргыздын нукура этин, майын, казы-картасын жеп чоңоюп күч топтогон эле баламын. Анын үстүнө допинг кымбат тургандыктан, ар бир эле спортчунун аны колдонууга чама-чаркы чак келбейт.

Башка мамлекетке барып, спортчулардын бөлмөсүнө капысынан баш багып калсаң, дары-дармектери столдун үстүндө жайнап жатат. Мен аларды өз көзүм менен көргөм. Эгерде биздин спортчулар допинг колдонсо дүйнөнү басып кетмек.

— Бизде спортту өнүктүрүүгө эмне жетишпейт?

— Спортто атаандаш күчтүү болушу керек. Бизде шаарларда спорт залдар курулуп, аймактарда бул маселе анчейин чечилбей келет. Көптөгөн спорт залдарды куруу менен спортчуларды даярдап, аларды бири-бирине атаандаш кылышыбыз керек. Бул нерсе барып эле каражатка такалат.

— Буга чейин "азыр мага спорт сүйүүдөн жогору турат" деп айтканыңыз бар. Эмичи?
— Учурда мамлекеттик жумушка киргем, оюмдун баары турмуш-тиричилик тууралуу болуп калды.

— Кечелерде, чоң иш-чараларда сүйүктүүңүз ар дайым сизди коштоп жүрөт…
— Мага бул суроону көп беришет. Жеке жашоо ар бир адамдыкы сыр бойдон эле калганы жакшы, ал ошол үчүн жеке жашоо да…

— Эл эми сизди спортчу катары таанышы мүмкүнбү же актербу?
— Келечекте кыргыз элимдин керегине жараган инсан болсом деген тилегим бар. Менде кайсы бир тармакта өзүмдү таанытуу деген ой жок. Аны убакыт көрсөтөт болуш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0