"Азия балдары" турниринде КР футболчулары ким менен беттешет. Жүгүртмө

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча машыгып жаткан балдар. Архив
Футбол боюнча машыгып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жаштар командасы беттеше турган төрт атаандаштын бири — япониялыктар.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстандын өспүрүмдөр командасынын Якутияда өтө турган "Азия балдары" турниринде оюн талаасына чыга турган жүгүртмөсүн сунуштады.

Исландия курама командасынын дарбазачысы Ханнес Тор Хальдорссон Австрия менен болгон беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: Франция менен Исландия жарым финалдын акыркы жолдомосу үчүн ат салышат
Ири спорттук мелдеш 6-17 июль күндөрү өтөт. Быйыл аталган турнирге 38 мамлекеттен 3,5 миң катышуучу келери күтүлүп жатат. 

Оюн алкагында өтүүчү футбол боюнча турнирге Ыраакы Чыгыш федералдык округу, Япония, Кыргызстан, Саха Республикасы жана Сибирь федералдык округу болуп беш команда ат салышат. Регламентке ылайык, беттешүүлөр айлампа ыкмасында өтөт.

Кыргызстандын курама командасынын жүгүртмөсү:

  • 8-июль — Кыргызстан — Сибирь федералдык округу;
  • 9-июль — Япония – Кыргызстан;
  • 11-июль — Кыргызстан – Саха Республикасы;
  • 14-июль — Ыраакы Чыгыш федералдык округу – Кыргызстан.

Турнирге Кыргызстандан 136 киши барса, анын 90у — спортчулар. Алар спорттун эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш, дзюдо, самбо, жеңил атлетика, көркөм гимнастика, ок атуу, сууда сүзүү, таэквандо, шахмат, стол тенниси, таяк тартыш, күрөш жана хапсагай түрлөрү боюнча күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0