Спорт журналисти Кабыл Макешов балбандардан биринчилерден болуп лицензия уткан Арсен Эралиевдин тарых-таржымакалын окурман журтчулугуна сунуштайт.
Арсен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери. Алгачкы ирет грек-рим күрөшүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, бул күрөшкө жатыктырган устаты — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов болгон.
Арсенди эл аралык аренага таанытып, ийгиликтерге жетүүсүнө жол ачып таптаган учурдагы устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов.
2006-жылы Таиланддын борбору Бангкок шаарында Азиянын уландар арасында чемпион болуп, бул чоң спорттогу ийгиликтеринин башаты болду. 2007-жылы Филиппиндер өлкөсүндө өткөн мелдеште Азия чемпиондугун уткан. 2007-жылы Бээжин шаарында жаштар арасында дүйнө биринчилигинде коло байге тагынган. Ал эми 2008-жылы Стамбул шаарында жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.
2011-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында финалдык беттешүүдө өзбекстандык Элдар Хафисовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиондугун багынткан. Ушундай эле ийгилигин 2012-жылы Польшанын Рада шаарында кайталаган.
2012-жылы Финляндиянын борбору Хельсинкиде грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык жолдомо турниринде экинчи орунду ээлеп, Лондон олимпиадасынын жолдомосуна ээ болуп, бирок 11-орунду алган.
2013-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылган.
2014-жылы Астана шаарында өткөн эл аралык Гран-при турниринде баш байгени утуп, алтын медаль тагынган. Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген.
Ал КР спортчуларынын арасынан Рио-де-Жанейро олимпиадасына алгачкы жолдомого 2015-жылы АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду камсыз кылып ээ болгон.
Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча 59 кг салмактагы Рио олимпиадасындагы негизги атаандаштары тууралуу дагы учкай маалымат берели.
Жердештерибиз Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдей болуп, балким Арсен да Рио олимпиадасында байгелүү орундарга жетип, кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актайт деп ишеним артып туралы. Ийгилик, жеңиш каалайбыз сага, Арсен!
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.
"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
Weiße Trikots sind bei Schnee eher eine mittelgute Idee. Beweisstück A: Basaksehir gegen Sivasspor. #SüperLig pic.twitter.com/MLGqL9HsBN
— Louis van Goal (@regionalkapital) January 16, 2021
Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
It was snowing in Istanbul during the Basaksehir - Sivasspor game and Sivasspor thought wearing white would be a good idea. Yes, there are actually two sides in this photo - look closely and Sivasspor players are there. 💆🏻♂️💆🏻♂️💆🏻♂️ pic.twitter.com/LBV1Zi14Fp
— Çetin Cem Yılmaz (@cetincem) January 16, 2021
"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1 менен бүткөн.
But I enlarged the picture a lot. Really nice story. Hihi.
— The moon and the stars 🇦🇹 (@themoonsayswhat) January 17, 2021
How did the game end? Who won? pic.twitter.com/NHsTpaf1BT
Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.
"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.
Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.
Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.