Риого аттанчу Кыргызстандын улуттук курама командасын Арсен Эралиев жетектейт

© Фото / Кабыл МакешовКыргызстандын улуттук курама командасын балбан Арсен Эралиев. Архив
Кыргызстандын улуттук курама командасын балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарга Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Риодогу жайкы Олимпиада оюндарына барчу Кыргызстандын улуттук курама командасын балбан Арсен Эралиев жетектейт. Бул тууралуу КРдин күрөш федерациясы билдирди.

Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын коргойт.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-21-август аралыгында Олимпиадалык оюндар өтөт. Анда Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат.

Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасын Данияр Көбөнов жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0