Букмекерлер кыргызстандык мушкердин алтын медаль алууга болгон мүмкүнчүлүгүн баалады

© AFP / CHRISTOPHE SIMONРио олимпиадасынын алтын медалы. Архив
Рио олимпиадасынын алтын медалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар Риодо болчу олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 19 лицензияга ээ болушкан. Бирок мониторинг көрсөткөндөй бир катар букмекерлер кыргызстандык спортчуларды жеңет деп ишеним көрсөтүшкөн эмес.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиядагы букмекердик контора кыргызстандык боксчу Эркин Адылбек уулунун Жайкы Олимпиадалык оюндарда алтын медаль жеңүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн баалады.

Олимпиада Рио-де-Жанейродо шаарында (Бразилия) 5-21-август аралыгында өткөрүлөт. Кыргызстандык спортчулар 19 олимпиадалык лицензияга ээ болушкан. Делегация 47 адамдан турат.

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер: мен спортко жөн эле бирөөнү бетке-көзгө койгулайын деп келген эмесмин
Бирок мониторинг көрсөткөндөй бир катар букмекерлер кыргызстандын спортчуларды жеңет деп ишеним көрсөтүшкөн эмес. 

Бир гана жалгыз спортчу Эркин Адылбек уулун алтын медалга баалашкан. 81 киллограммдык категорияда Адылбек уулу менен бирге дагы 25 боксчу жеңиш үчүн беттешет.

Олимпиадада жеңишке жетет деп көпчүлүктү үмүттөндүргөн спортчу дүйнөнүн үч жолку чемпиону кубалык Хулио Сесар ла Крус болуп эсептелет. Андан кийинки орунда ирландиялык Жозеф Уорд турат. Ал Европанын эки жолку чемпиону болуп, дүйнө чемпиондугунда бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Анын мүмкүнчүлүктөрү да чоң экени айтылууда.

Букмекерлердин пикири боюнча Адылбек уулунун жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү жүздөн бирге барабар.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0