Жөө күлүк Кендра Харрисон 100 метрге чуркоодо дүйнөлүк рекордду жаңылады

© REUTERS / Kirby LeeАмерикалык жөө күлүк Кендра Харрисон 100 метрге тоскоолдук менен чуркоодо дүйнөлүк рекорд жаңылады
Америкалык жөө күлүк Кендра Харрисон 100 метрге тоскоолдук менен чуркоодо дүйнөлүк рекорд жаңылады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки дүйнөлүк рекорд болгариялык жөө күлүк Йорданка Донковага таандык болчу.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Америкалык жөө күлүк Кендра Харрисон 100 метрге тоскоолдук менен чуркоодо дүйнөлүк рекорд жаңылаганын РИА Новости билдирди.

Америкалык атлет Лондондо болгон "Бриллиант лигасында" 100 метрлик аралыкты 12,20 секундада чуркап өткөн. Экинчи орунду АКШлык жөө күлүк Брианна Роллинс (12,57 секунд) алган. Үчүнчү болуп Кристи Кастлинг (12,59 секунд) келген.

Буга чейинки дүйнөлүк рекорд болгариялык жөө күлүк Йорданка Донковага таандык болчу. Ал 1988-жылы 20-августта 100 метрлик аралык тоскоолдуктар менен 12,21 секундда чуркап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0