Барсанын чабулчуусу Неймар. Архив

Ак чачтуу Месси жана чачы "агарып кеткен" дагы беш футболчу

213
(жаңыланган 10:12 26.07.2016)
Футболчу Лионель Мессинин чачын ак түскө боеп алуусу күйөрмандар арасында кызуу талкууну жаратты.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Аргентина курама командасынын капитаны жана "Барса" клубунун чабуулчусу Лионель Месси чачын ак түскө боеду. 

Спортчунун жаңы имиджи менен түшкөн сүрөтүн жубайы Антонелла Рокуццо Instagram баракчасына жарыялады. 

Мессинин күйөрмандары оюнчунун жаңы чач жасалгасына көнгөнчө Sputnik Кыргызстан агенттиги чачын ак түскө боегон футболчуларды тизмектеп көрдү. 

Methu aros am yfory

A photo posted by Aaron Ramsey (@aaronramsey) on Jun 10, 2016 at 7:31am PDT

Аарон Рэмси 

Уэльс курама командасынын жана "Арсенал" клубунун жарым коргоочусу Аарон Рэмси Евро-2016да чачын ак түскө боеп, күйөрмандарын айран таң кылды эле. Анткен менен жаңы имидж оюнчуга ийгилик алып келип, команда коло медаль утуп алды. 

Серхио Рамос 

"Реал" футболдук клубунун коргоочусу Серхио Рамос да буга чейин чачын ак түскө боегондугу менен "дүң" эткен. Футболчу бул кадамын ак чачтуу өспүрүмдөрдү колдоо иретинде жасаганын айткан. 

Хамес Родригес

"Реал" клубунун жарым коргоочусу Хамес Родригес да чачын ак түскө боеп катуу сынга кабылган. Оор сөздөргө чыдай албаган футболчу бир апта ичинде чачынын түсүн өзгөртүп, кутулган. 

Photoshoot for MCFC

A photo posted by Samir Nasri (@samnasri8) on Nov 5, 2015 at 12:34pm PST

Самир Насри 

"Манчестер Сити" командасынын жарым коргоочусу Самир Насри дагы элден калбай чачын ак түскө боеп, октябрь айында "жалындуу блондин" каймана атка конгон. 

Ho Ho Ho ..FELIZ NATAL 🎅🎄🎁 #SemanaMaluca

A photo posted by Nj 🇧🇷 👻 neymarjr (@neymarjr) on Dec 24, 2014 at 10:52am PST

Неймар

Футболчулар чачын акка боесо, "Барсанын" чабулчуусу Неймар сакалын ак түскө боеону чечкен. Спортчу бул имиджи менен Санта Клаусту туураганын айткан.

213
Белгилер:
имидж, Футбол, Лионель Месси
Тема боюнча
Месси эки жылга кесилди
Чачын өзгөчө өстүргөн кызы менен атасы интернет жылдызы болушту
Пикирлер